Жайкы сунуштар
:
:
Сиздин United States өлкөсүндө экениңизди аныктадык.

Сиз Kyrgyzstan үчүн тапшырыктарды кабыл алган сайттасыз

Сиз өлкөңүздүн веб-сайтына кирсеңиз болот: us.coral.club

Иш-чаралар |
Kyrgyzstan
Сатуу шарттары

1. Жалпы жоболор

1.1. Ушул келишим Сатуучуга Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине ылайык ( мындан ары – КР ЖК) kg.coral.club Интернет сайты (мындан ары дагы «Сайт») аркылуу Товарды сатып алуу жана сатуу тартибин аныктайт жана Сатуучунун белгисиз адамдар тобуна багытталган расмий жарыя оферта болуп эсептелинет.

1.2. Сатып алуучу тарабынан ушул Келишимдин шарттарын кабыл алуу (акцепт) фактысы ушул Келишим жана Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин шарттары менен аныкталган шарттарда жана тартипте, электрондук байланыш аркылуу «Себет» бөлүмүндөгү «Буйрутма каттоо» баскычын басуу менен, товарды тандоо жана ага буйрутма берүү жөнүндө билдирме жөнөтүү болуп саналат.

1.3. Ушул келишимдин текстинде Сатып алуучу менен Сатуучу бирге айтылганда, алар Тараптар деп, ал эми ар бири өз алдынча Тарап деп айтылат.

1.4. Ар бир Тарап башка Тарапка ушул келишимди түзүү жана аткаруу үчүн зарыл болгон тийиштүү укукка жана жетиштүү жөндөмдүүлүк көлөмүнө, ошондой эле баардык башка укуктарга жана ыйгарым укуктарга ээ экендигине кепилдик берет.

1.5. Сайт аркылуу Товарга Буйрутма берүү менен Сатып алуучу ушул келишимде баяндалган баардык шарттарды жана Сатуучу Буйрутманы кабыл алган учурда Сайтта жайгаштырылган маалыматты кабыл алат жана алар менен макул болот.

1.6. Ушул келишим боюнча Тараптардын ортосундагы мамилелерге «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптары (мындан ары - Мыйзам) жана сатып алуу-сатуу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актылары колдонулат.

1.7. Сатуучу ушул келишимге жана Сайттагы маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат, буга байланыштуу Сатып алуучу Товарга болгон Буйрутмасы менен Сатуучуга кайрылган учурда мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү эске алууга милдеттенет.

1.8. Товардын баасын, сүрөттөрүн жана сыпаттамаларын камтыган, Товарга анык болгондой эле дал келбеген маалыматтарды жарыялоо техникалык ката болуп эсептелинет.

2. Буйрутманы каттоо жана аткаруу мөөнөтү

2.1. Сатып алуучу Буйрутманы +996 552 232 467 телефон номери боюнча жана/же Сайт, ошондой эле Сайтта көрсөтүлгөн электрондук почтанын даректери (email) жана мессенджерлер аркылуу берсе болот.

2.1.1. Телефон аркылуу Буйрутманы берүү учурунда Сатып алуучу Сатуучуга Буйрутманы берүү үчүн төмөнкү зарыл болгон маалыматтарды берет: каалап турган товар (товардын коду) жана саны, товарды жеткирүү жөнүндө маалымат, байланыш телефону, буйрутманы алуу үчүн ыӊгайлуу болгон убакыт.

2.1.2. Сайт аркылуу Буйрутма бергенде Сатып алуучу Товарга Буйрутманын электрондук формасын толтурат жана түзүлгөн Буйрутманы Сатуучуга Интернет аркылуу жөнөтөт.

2.1.3. Сайт аркылуу же +996 552 232 467 телефону аркылуу буйрутма берүүдө көрсөтүлгөн электрондук почтанын дареги үзгүлтүксүз жөнөтүүлөрдүн тизмесине кирет жана эгерде Буйрутмада башкасы көрсөтүлбөсө, kg.coral.club/faq/terms/ дарегинде автоматтык түрдө Сатып алуучунун эсебин түзүү үчүн колдонулат. Электрондук почтанын дареги Сатып алуучунун талабы боюнча Сайттын маалымат базасынан алынып салынышы мүмкүн.

2.2. Сатуучу тарабынан алынган Буйрутмадагы маалымат, Товарды жеткирүүнүн айкын күнүн жана убактысын тактоо үчүн Сатып алуучу же Алуучу менен байланыш телефон номери же электрондук почта аркылуу макулдашылат. Жеткирүүнүн айкын күнү жана убактысы тандалган товарга, жеткирүү жерине жана Сатуучуга Буйрутманы иштетип чыгуу үчүн талап кылынган убакытка жараша болот.

2.3. Сайт аркылуу Буйрутма берүү учурунда Сатып алуучу ал көрсөткөн электрондук почтанын дарегине/уюлдук номерине электрондук билдирүү катын же СМСти алат, ал Сатып алуучунун Сатуучунун сайтында Буйрутма формасын толтурганын тастыктайт. Бул билдирүү каты Сатуучу тарабынан Буйрутманы кабыл алуу фактысын ырастабайт.

2.4. Эгерде Сатуучунун кампасында талап кылынган товар же товардын талап кылынган көлөмүнүн жок экендиги аныкталса, Сатуучу бул тууралуу Сатып алуучуга Буйрутмада көрсөтүлгөн байланыш телефону аркылуу билдирет. Сатып алуучу Сатуучуга жеткиликтүү санда Товарды кабыл алуу макулдугун берүүгө же Буйрутмадан баш тартууга (жокко чыгарууга) укуктуу.

2.5. Эгерде Сатып алуучуда Товардын сүрөттөлүшү, касиеттери жана мүнөздөмөлөрү боюнча кандайдыр бир суроолору болсо, Буйрутма берүүдөн мурун Сатып алуучу Сатуучуга телефон же Сайтта жеткиликтүү болгон башка ыкмалар аркылуу кайрылышы керек.

2.6. Эгерде Сатуучу тарабынан программалык камсыздоонун иштеши менен, же анын иштешин камсыз кылуучу үчүнчү тараптын кызматтары менен, анын ичинде үчүнчү жактардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасы болуп саналган үчүнчү тараптын кызматтары менен байланыштуу техникалык каталар аныкталса, Сатуучу кардардын буйругун ырастоодон же аткаруудан баш тартууга укуктуу.

3. Товарды жеткирүү

3.1. Сатып алуучу тарабынан товарга жеткирүү шарттарында буйрутма берүүдө Сатуучу Сайтта көрсөтүлгөн же Сатып алуучу менен макулдашылган Товарды жеткирүү мөөнөттөрүн сактоо үчүн баардык күчүн жумшайт, бирок, пайда болушу мүмкүн болгон жана Сатуучунун күнөөсү жок болгон күтүлбөгөн окуялар жана жагдайлар түрүндө жеткирүү убактысына таасир этүүчү себептерди жокко чыгарбайт.

3.2. Товардын кокусунан жоголуп кетүү же кокусунан бузулуу тобокелдиги Сатып алуучуга же Алуучуга Товарды өткөрүп берүү, же Сатып алуучу же Товарды Алуучу Товардын жеткирилгендигин ырастоочу документтерге жеке кол койгон учурда өтөт.

3.3. Товарды жеткирүү учурунда товарды жеткирүүчү жак Сатып алуучуга жана/же Алуучуга Товардын сырткы көрүнүшүн жана комплекттүүлүгүн көрсөтөт.

3.4. Сатып алуучу же Алуучу Товарды алгандан кийин, ыйгарым авторлошкон кызмат борборунун корутундусу менен тастыкталган дооматтарды кошпогондо, Сатуучу Товардын сапатына жана комплекттүүлүгүнө карата дооматтарды кабыл албайт.

3.5. Товар товардык көрүнүшүнүн сакталышы менен текшерилиши керек.

3.6. Товарды жеткирүү ыкмалары Товардын түрүнө жараша, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына жараша айырмаланышы мүмкүн. Ошентип, кээ бир Товарлар сатуу кеңсесинен алып чыгаруу үчүн гана жеткиликтүү болушу мүмкүн. Буйрутма берүүдө жеткирүү маалыматын эске алуу керек.

3.7. Эгерде колдонуудагы мыйзамдарда башкача каралбаса, Сайтта сатылып алынган Товар 7 (жети) күндүн ичинде алмаштырууга жана кайтарылууга тийиш (сатып алуу күнүн эсепке албаганда). Эгерде тиешелүү товар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кайра кайтарылууга же алмаштырууга мүмкүн болбогон товарлардын тизмесинде болсо, сатуучу товарды кабыл алуудан баш тартууга укуктуу.

4. Товарды төлөө

4.1. Товардын баасы Сайттагы товардын белгилүү бир аталышынын жанында, товардын барагында кыргыз сому менен көрсөтүлөт.

4.2. Сайттагы Товардын баасын Сатуучу бир тараптуу түрдө өзгөртүшү мүмкүн. Бул учурда Буйрутма берилген Товардын баасын өзгөртүүгө болбойт.

4.3. Сатып алуучу же Алуучу тарабынан Товар үчүн төлөм Сайттагы товар баракчасында Сатуучу белгилеген формада жана ыкмалар менен кыргыз сому менен жүргүзүлөт.

4.4. Сатуучу Сатып алуучуга же Алуучуга Товарларга арзандатууларды берүүгө жана бонустук программа түзүүгө укуктуу. Арзандатуулардын түрлөрү, бонустарды эсептөө жана берүү тартиби жана шарттары Сайтта жалпыга жеткиликтүүлүктө көрсөтүлөт жана Сатуучу тарабынан бир тараптуу түрдө өзгөртүлүшү мүмкүн.

5. Кепилдик жана жоопкерчилик

5.1. Сатуучу Сатып алуучуга же Алуучуга Сайттан сатылып алынган Товарды туура эмес колдонуусунан улам келтирилген зыян үчүн жооптуу эмес.

5.2. Сатуучу башка интернет сайттардын мазмуну жана иштеши үчүн жооптуу эмес.

5.3. Сатуучу Сатып алуучу же Сатып алуучу менен болгон мамилесинен келип чыккан өзүнүн укуктарын жана милдеттерин үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө же башкача түрдө берүүгө укуктуу.

5.4. Сатуучу Сатуучудан сатып алынган Товарды ишкердик максаттарда пайдаланган учурда Сатып алуучунун же Алуучунун аракеттерине байланыштуу кесепеттер үчүн жоопкерчилик тартпайт.

5.5. Сатуучу Сатып алуучунун же Алуучунун төмөнкүлөрдүн натыйжасында келтирилген чыгымдары үчүн жоопкерчилик тартпайт:

  • Буйрутманы макулдашууда жалган маалымат берүү, анын ичинде идентификациялык маалыматтарды туура эмес көрсөтүү;
  • үчүнчү жактардын мыйзамсыз аракеттери.

5.6. Сатып алуучу же Алуучу Сайтта Товарга Буйрутма берүүдө ал көрсөткөн идентификациялык маалыматтардын тууралыгы үчүн толук жоопкерчилик тартат.

5.7. Тараптар өз милдеттенмелерин толук же жарым-жартылай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат, эгерде мындай аткарбоо ушул Келишим күчүнө киргенден кийин келип чыккан жеӊилгис күчтүн жагдайларынын жана/же Тараптар алдын ала көрө албаган жана аларды акылга сыярлык чаралар менен алдын ала албаган өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында болсо.

5.8. Ушул келишимдин 5.7-пунктунда каралбаган башка учурларда, Тараптар өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

5.9. Товарды сатып алуудан негизсиз баш тарткан учурда Сатып алуучу Сатуучунун Сатып алуучуга Товарды жеткирүү менен байланыштуу чыгымдарынын төлөп берүүгө милдеттүү.

5.10. Товарларды кайтарып берүү жана алмаштыруу колдонуудагы мыйзамдарда каралган тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.

6. Башка шарттар

6.1. Сатып алуучу менен Сатуучунун ортосундагы мамилелерге Кыргыз Республикасынын укугу колдонулат.

6.2. Эгерде Сатып алуучуда же Алуучуда кандайдыр бир суроолор же даттануулар пайда болсо, ал Сатуучуга телефон же Сайтта көрсөтүлгөн ыкмалар аркылуу кайрылууга тийиш.

6.3. Тараптар ар кандай талаштарды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылышат. Эгерде өз ара пайдалуу макулдашууга жетишпесе, Тараптардын ортосундагы талаш Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сот органына кароого өткөрүлүр берилет.

6.4. Бул келишимдин кайсы бир жобосун сот тарабынан жараксыз деп таануу анын калган жоболорунун жараксыздыгына алып келбейт.

6.5. Сатуучу маалыматтык билдирмелерди жана жарнамалык мүнөздөгү билдирмелерди жөнөтүү үчүн Сатып алуучунун электрондук дарегин жана телефон номерлерин пайдаланууга укуктуу. Сатып алуучу каалаган убакта өзүнүн жеке кабинетинин жөндөөлөрүнө тиешелүү маанилерди коюу же Сайтта жеткиликтүү ыкмаларды колдонуу менен Сатуучуга кайрылуу аркылуу билдирүүлөрдү алуудан баш тартууга укуктуу.

6.6. Сатуучу Сатып алуучу буйрутма берген товарды жеткиргенге чейин Кардардан буйрутма берген товардын 100% алдын ала төлөмүн талап кылууга укуктуу. Мындай төлөм жок болгон учурда Сатуучу Сатып алуучуга товарды жеткирүүдөн баш тартууга укуктуу. Сатуучу төмөнкү учурларда Сатып алуучудан буйрутма берген товарынын 100% алдын ала төлөмүн талап кылууга укуктуу:

  • эгерде Сатып алуучу мурда буйрутма берсе, бирок өз убагында жана тийиштүү сапатта жеткирилген буйрутма берилген товарларды сатып алуудан баш тартса;
  • Сатуучунун кароосу боюнча башка себептер боюнча.

6.7. Сатуучу Сатып алуучуга бир эле учурда жеткирилген Товарга чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу.

6.8. Сатуучу буйрутманы ырастабаганга же жокко чыгарууга жана бул тууралуу Сатып алуучуга билдирбөөгө, эгерде бул үчүнчү жактардын техникалык катасынын же мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасы болсо, көрсөтүлгөн баада Товарды төлөөдөн жана/же сатуудан баш тартууга укуктуу. Товардын наркы, эгерде белгилүү бир убакытта рынокто товардын берилген моделинин/модификациясынын наркынын медианасынан 20% ашык айырмаланса, бул жагдайлардын кесепети болушу мүмкүн. Бул учурда Сатуучу бул товарды көрсөтүлгөн баада төлөөдөн жана/же сатуудан баш тартууга укуктуу.

Камераны QR кодуна багыттап, жүктөп алыңыз

Coral Club тиркемесинде товарларга тапшырык бериңиз жана жеке эсебиңизди башкарыңыз

Contact us
Help and training
Region code
Customer Service
Should you have any questions, please do not hesitate to contact us
Should you have any questions, please do not hesitate to contact us
Start chat
Сайттын барагы автоматтык түрдө которулду. Бул функцияны браузериңиздин жөндөөлөрүнөн өчүрүп же өзгөртө аласыз.